22:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте санитардык норманы сактабаган кафе, дүкөн, маршруттар жабылат

Коомдук транспорт, такси, кафе жана ресторандар санитардык эрежерлерди бузуулар үчүн жабылат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Тармактык мамлекеттик органдарга бул объекттерди текшерүүнү күчөтүү тапшырылды.

 Кечээ жакында көп сандагы адамдардын катышуусунда ресторанда өткөрүлгөн үй-бүлөлүк иш-чара аша чапкандык. Бишкек мэриясы мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө тийиш.

Кубатбек Боронов

 Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, маршруттарда, дүкөн, таксилерде жүргүнчүлөрдүн үчтөн бири гана бет кап кийип жатышат.

«Коомдук унаада жана коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлүшү шарт», — деди ал.

Кубатбек Боронов, буга чейин ИИМге жана тармактык кызматтарга таксилерди жана маршруттук таксилерди текшерүүгө тапшырма бергенин кошумчалады

«Жооптуу адамдар тиешелүү ченемдерди так аткарганга чейин текшерүү туруктуу жүргүзүлүп турууга тийиш», — де билдирет биринчи вице-премьер-министр.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиришкендей, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте Бишкекте маршруттук таксилердин 46 фирмасы, бир нече такси фирмалары текшерилип, протоколдор түзүлүп, айыппулдар салынды.

Борбор калаанын мэриясынын өкүлдөрү маалымдагандай, кафе жана ресторандардын администрациялары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары турак үйлөрдүн жана кварталдык комитеттер жашоочулар арасында COVID-19 белгилеринин бар-жогуна сурамжылоо жүргүзүп башташты.

Штабдын жыйынында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрмө жайлардын иши талкууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума