18:17
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүй облусундагы мамлекеттик бала-бакчалар азырынча иштебейт

Чүй облустук мамлекеттик бала-бакчалар азырынча ишке киришпейт. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди.

Анын айтымында, аймактарда мониторинг жүргүзүлүп, калыбына келтирүү иштери боюнча жергиликтүү сурамжылоо жүрүп андан соң Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышына текшерүү болгон.

«Мамлекеттик жана муниципиалдык бала-бакчаларды иштетүү азырынча пландала элек. Жайында оңдоп-түзөө иштери болот» — дейт Светлана Волкова.

Ал уруксат берилген мектепке чейинки уюмдардын кызматкерлери текшерүүдөн өткөндүгүн кошумчалады.

«Алардын ичинен үч бала-бакчага (Жайыл, Москва жана Аламүдүн райондорунда) ишөөгө уруксат берилди. Жеке менчик бала-бакчалардын кызматкерлери ПЦР-анализ тапшырып жатышат, андан соң анализдин жыйынтыгына карай жумушка киришишет», — деп билдирет маалыматта.

Тактай кетсек, Чүй облусунда жалпы 265 бала-бакча бар, алардын 182си мамлекеттик мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар