18:46
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Кайнар» ресторанынын конокторуна эмне үчүн айып салынбаганы айтылды

Мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөл борбору жеке жактарга айып пул сала албайт. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Кубан Кундашев маалымат жыйында журналисттерге жооп берип жатып билдирди.

«Эгер билдирүү эртерээк келгенинде анда акимчилик, МСЭКБ жана мобилдик топкогу укук коргоо органдарынын кызматкерлери ал жерге бармакпыз», — дейт ал.

Кубан Кундашев «Кайнар» ресторанына массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн үч миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, кечээ «Кайнар» ресторанында экс-депутат Өмүрбек Бабанов каза болгон эжесинин ашын өткөрүп жаткан. Массалык иш-чараны Kaktus.media агенттигинин журналисти камерага тартайын дегенде ага кол салышкан. Милиция кызматкерлери журналисттин өздүгүн тактап, факт Кылмыш-жаза кодексинин «Майда тартип бузуучулук» беренесин менен катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума