11:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Россия КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен авиакаттамды жандантат

Россия 2020-жылдын 15-июлунан тартып КМШ өлкөлөрү менен болгон авиакаттамдарды жандандыра баштайт. Бул тууралуу Россиянын Туроператорлор ассоциациясы билдирди.

Буга чейин россиялык авиакомпаниялар ЕАЭБ өлкөлөрүнө туруктуу каттамдарды калыбына келтирери кабарланган. Россиянын Транспорт министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, 15-июлдан тарта Россиядан КМШ баардык өлкөлөрүнө учууга, ошондой эле борбордун каалаган жеринен келүүгө мүмкүн болору айтылган.

Россиянын эки тарапка учуу аба каттамдары үчүн өлкөлөрдүн тизмеси 1-августтан тартып кыйла кеңейтилет. 

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Россия 27-марттан тартып башка мамлекеттер менен туруктуу жана чартердик каттамдарды токтоткон. Бир гана чет өлкөлөрдөгү россиялыктарды алып келүү үчүн жана өкмөттүн атайын иш-сапары үчүн гана иш алып барууда.

Россия менен Кыргызстандын ортосундагы учуулардын жүгүртмөсү азырынча белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби