18:41
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

КМШда жаңы эл аралык кинофестивал уюштурулат

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде жаңы эл аралык кинофестивал түзүлөт. Казакстан демилгечи болууда. Бул тууралуу КМШнын аткаруу комитети билдирди.

КМШнын Аткаруу комитети
Фото КМШнын Аткаруу комитети. КМШда жаңы эл аралык кинофестивал түзүлөт

«Шериктештик» эл аралык кинофестивалынын уюштуруу документтери КМШнын өкмөттөр аралык кеңешинин кароосуна коюлат.

Фестивалдын максаты — КМШ өлкөлөрүнүн кинематография тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, ошондой эле улуттук киноиндустриянын жетишкендиктерин жайылтуу болуп саналат.

Биринчи кинофестивалды демилгечи катары Казакстан өткөрөт, андан кийин Шериктештиктин ар бир мамлекетинде өлкөлөрдүн орус алфавиттик аталыштарынын тартибинде эки жылда бир өткөрүлөт.

«Бул фестивалды өткөрүү боюнча бир катар маселелер бар, алар жогорку деңгээлде талкууланат жана чечилет», — деди Беларустун маданият министринин орун басары Сергей Саракач.

Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин киноархивдери кызматташып, алардын жалпы кино мурастарын биргелешип пайдалана алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума