17:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бала бакчалар ата-энелерден балдарын коронавируска тест тапшырууну талап кылууда

Бала бакчалар ата-энелерден балдарын коронавируска тест тапшырууну талап кылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Таабылды Тиллаев билдирди.

Анын айтымында, 5-июндан тарта ишке кире турган бала бакчалар ата-энелерден коронавируска тесттин жыйынтыгын талап кылышууда.

«Жергиликтүү бийлик жетекчилери ата — энелерди чогултуп, балдарды коронавирус илдетин аныктоо боюнча тесттен өткөрүүнү талап кылып жатышыптыр. Бул туура эмес. Анткени, ансыз да толук кандуу иштей албай жаткан жарандарыбыз, 2 миң сомдон жогору турган тесттен кантип өтөт?» — дейт депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума