Чоң-Нарын каналынан суу ашып, турак үйлөргө, чарбалык курулуштарга жана унаа жолдорго зыян келтирди. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.
3-июнь кунү Нарын шаарында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктудан келген суулар Чоң-Нарын каналынын ташкындоосуна алып келди. Анын натыйжасында бир нече үйлөрдүн короолорун, жолдорду суу каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда шаарда тазалоо иштери жүрүп жатканын белгилейт.