13:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аймак аралык коомдук транспорттор 5-июндан тарта иштеп баштайт

Кыргызстандагы аймак аралык коомдук транспорттор жана аба каттамдар 5-июндан тартып ишке киришет. Бул туралуу Республикалык штаб маалымат жыйында билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «алгач тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү текшерүү иштерин жүргүзүп, талап кылынган санитардык иш-чаралардын сакталышына көзөмөл жүргүзүүсү керек» экендигин белгилеген.

Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн санитардык коопсуздук эрежелерин сактоосу катуу көзөмөлгө алынышы керек. Бет кап кийүү, конуу учурунда температураны өлчөө милдеттүү.

«Баардык жүргүнчүлөрдү ташуучу уюмдар, анын ичинде автобус, кичи автобустар толугу менен коопсуз болуусу шарт. Жүргүнчүлөр санитардык нормаларга ылайык саякаттап жаткандыгына биз ишенимдүү болушубуз керек», — дейт Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар