10:51
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Саламаттыкты сактоо кызматынын дагы бир кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу министрликтин пресс-кызматкери 24.kg агенттигине маалымдады.

«Министрликтин кызматкери байланышта болгондугу үчүн коронавируска карата анализ тапшырган. Жыйынтыгында COVID-19 вирусу аныкталып, ооруканага жаткырылды», — дейт министрликтин басма сөз кызматкери.

Эске сала кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинде ушуну менен 3 учур катталды. Буга чейин ыкчам штабдын адисинен коронавирус аныкталган. Андан көп өтпөй ошол эле мекеменин күзөтчүсүнүн анализи коронавирусту тастыктаганы маалым болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар