20:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек шаарынын мэри балдарды колдоого 1,6 миллион сом бөлдү

Бишкек шаарынын мэри 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата шаардык бюджеттин эсебинен 1 миллион 692 сом бөлдү. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматкери билдирди.

Анын айтымында, 3 миң 112 наристенин ар бирине 500 сомдон акча бөлүндү. Алар аймактардагы почта бөлүмдөрү аркылуу ала алышат. 

«Ошондой эле «Бишкек шаарындагы балдар айылы» уюму, «Тумар», «Колуңду бер» фонддору, «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси, «Балдарды социалдык адаптациялоо борбору», үй-бүлөнү жана балдарды калыбына келтирүү борборлоруна финансылык жактан колдоо көрсөтүлдү. Аталган уюмдардын ар бирине 10 миң сомдон которулду. «Айданек» калыбына келтирүү борборунда тарбияланып жаткан өспүрүмдөр да куру кол калбайт», — деп кошумчалады мэриянын басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, ушундай эле балдарды жана үй-бүлөнү колдоо иретинде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 10 уюмга 100 миң сомдон бөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар