17:45
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткен чек ара жаңжалынан 25 жаран жабыр тартты

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы чатактан улам 25 жабырлануучу Айдаркен жалпы медициналык практика борборуна жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Учурда жабырлануучулардын ичинен ар кандай жаракаттар менен 4 адам стационардык кароо бөлүмүндө жатат. Ал эми экөө жандандыруу бөлүмүндө. Врачтын айтымында, операциядан кийинки абалдары оор. Дагы эки жаран жеңил жаракат менен хирургия бөлүмүнө жайгаштырылды. Жабырлануучулардын баардыгына керектүү чаралар көрүлүүдө.

Ал эми калган 21 жабырлануучу биринчи жардам көрсөтүлгөн соң, абалдары канааттандыраарлык болгондуктан амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Ошондой эле окуя болуп жаткан жерде 2 медициналык жардам кызматтык тобу күзөттө турат.

Баткен облустук бейтапканаларынын реаниматолог, травматолог багытындагы дарыгерлер биригишип, жабырлануучуларга биргеликте жардам көрсөтүшүүдө.

Эске сала кетсек, чек ара маселеси эки тараптын Чечме булагын талашуусунан улам келип чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар