16:24
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бишкек шаарында 15 миң жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк берилет

Бишкек шаарында 15 миң жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк берилет. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, бюджеттен дээрлик 15 миӊ жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун — май, чай, кант, макарон, күрүч берүү пландалды.

«Муктаж адамдардын санын тактоо боюнча акимиаттарда социалдык кызматкерлер, үй жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнөн турган райондук штабдар иштеп жатат. Алардын баары биринчи керектүү азык-түлүк топтомдору менен камсыздалат», — деди Азиз Суракматов.

Анын айтымында, КР Өкмөтүнүн чечими менен Бишкек шаарына көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө 6 000 кап ун бөлүнгөн, ундун 50%ы муктаждарга жеткирилди

Эң көп окулган жаңылыктар