02:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чек арадагы жаңжал. Ош шаары Баткенге жардам жөнөтөт

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу муниципаитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэриясы менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргеликте борбордук штаб түздү.

Жергиликтүү бийлик тарабынан жардам чогултуу башталды. Баткен элинин учурда негизги муктаждыктарын (азык-түлүк, буюм, керектелүүчү каражаттар) жөнөтүүгө басым жасалат.

Эл тарабынан жардам берүүнү каалагандар борбордук аянтка (мэриянын алды) алып келсе болот.

Байланыш үчүн телефондор: Сонунбек Жунусбаев 0559 850 191, Эрлан 0999 929 790.

Эң көп окулган жаңылыктар