Өкмөт өнөр жай товарларын жана техниканы онлайн режимде сатууга өтүүнү сунуштайт. Бул туурасында 26-мартта КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.
Ал Кыргызстан Россия жана АКШдай бизнеске жардам көрсөтө албастыгын белгиледи.
«Бул өлкөлөрдүн бизнести колдоо үчүн ресурстары бар. Биз финансалык мүмкүнчүлүгүбүзгө ачык баа беришибиз керек», — дейт ал.
Анын айтымында, чек аранын жабылышы, айрым тармактардын ишин токтотушунан улам бюджет 27-28 миллиард сом жоготушу күтүлөт.