Кыргызстандагы корнавируска чалдыккандар Ош облусундагы Ноокат районунун тургундары. Бейтаптар дароо медициналык көзөмөлгө алынып, керектүү чаралар көрүлүүдө.
Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпы 6га жетти. Буга чейинки катталган 3 жаран Сузак районунун тургундары. Алар кичи ажылыкка барып келгенден кийин коронавирустун симптомдору аныкталган.
Учурда Сузак районуна кирүү жана чыгуу жолдору жыбылды.
Эске сала кетсек, коронавирус Ош облусунда алгачкылардан болуп катталууда.