Ош шаарында 2019-2020-жылдык жылуулук менен камсыздоо мезгили ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу «Электр станциялары» АККсы билдирет.
Шаарга жылуулук берүү 2019-жылдын 6-ноябрда башталган.
«Ош шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, ТЭЦ жылуулук-механикалык жабдууларын алмаштыруу күчөтүлгөн тартипте оңдоо-түзөөгө берилди» — деп айтылат маалыматта.
Ош шаардык ТЭЦ 319 көп кабаттуу, 200 менчик үйдү, 88 бюджеттик уюмдардын обьектилерин, 70 республикалык мекемелерди, 18 шаардык обьекттерди, 5 өнөр жай жана 298 жана башка уюмдарды жылуулук менен камсыздайт.