Атасы тарабынан бычакталып № 3 Балдарды коргоо бейтапкапканасына жеткирилген өспүрүмдүн абалы оор, бирок жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгып өз алдынча дем алып калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Эске сала кетсек, каргашалуу окуя 6-март күнү түшкү саат 12:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө аялын өлтүрүп, баласын бычактап, өзү ваннада жанын кыйган ата жөнүндө каргашалуу окуя маалымдалган.
Окуяда 10 жашар бала № 3 Балдарды коргоо бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, ушул күнгө чейин ал жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алып келген болсо, учурда өз алдынча дем алууда.