01:39
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Депутат митингдеги мас аялды тепкилейм дедиби? Эмил Токтошевдун жообу

Депутат Эмил Токтошев «Азия Ньюс» гезитине жарыяланган маегиндеги Садыр Жапаровду колдоо митингине чыккан аялдар боюнча айтылган пикирин четке какты. Бул тууралуу эл өкүлү Facebook баракчасына билдирди.

Анын айтымында, гезит ага жок жерден доомат коюу аракети менен маекти бурмалап басып чыккан.

«Кара ниеттиктин жолу кууш болоорунун дагы бир далили - бул бүгүнкү мени каралоо аракети. Жок жерден доомат коем дегендердин кайра өздөрүнүн абийири төгүлүп отурат», — дейт ал.

Эскерте кетсек, «Азия Ньюс» гезитиндеги маекте Эмил Токтошев Садыр Жапаровду колдоо митингине катышып, кийин парламенттин имаратына келген аялдарды сындап, «мас аялдарды тепкилейт элем» деп айтат.

Эмил Токтошев «Азия Ньюс» гезитинин журналисти Динар Турдугуловага берген маегинин видео версиясын жарыялады. Анда ал Садыр Жапаровдун митингине катышкан аялдардын Жогорку Кеңештин жөнөкөй кызматкерлерине кол көтөргөнүн сынга алат. Бирок тепкилейм деген сөз жок.

«Бул абдан туура эмес иш болду. Шермендечилик. Мас аялдар келип, Жогорку Кеңештин жөнөкөй кызматкерлерине асылып жатышат. Алар жазасын алыш керек», — дейт депутат.

Журналист Динар Турдугулова дагы депутатты колдоп, маек гезиттин башкы редактору Арслан Сартбаев тарабынан бурмалангандыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар