11:23
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек шаарындагы гимназияда кургак учук менен ооруган мугалим аныкталды

Бишкектеги № 38 мектеп-гимназиясында кургак учуктун ачык түрү менен ооруган мугалимдин окуучуларын медициналык текшерүүгө жөнөтүштү. Бул боюнча окурмандардын бири 24.kgге билдирди.

Бирок гимназиянын директору Роза Жумалиева, маалымаатты четке кагып, окуучулар пландык медициналык текшерүүдөн гана өтүп жатканын айтат.

«Анын оорукана жатканын биз кийинчерээк билдик. Жаш мугалим университетти аяктаары менен 2019-2020-окуу жылында аталган гимназияга тарых сабагы боюнча жумушка орношкон. Аны менен катар ден-соолугунун сак экендигин тастыктаган санитардык текшерүүдөгү китепчесин тапшырган жана эч кандай жөтөлүү байкалган эмес. Ал тарых сабагынан эки класска сабак берген. Сентябрь айынын аягында ден-соолугу солгундап, ага байланыштуу өз каалоосу менен жумуштан кеткен», — дейт директор.

Эң көп окулган жаңылыктар