19:07
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус катталганы тууралуу маалыматты четке какты

Ашхабаддын Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо борборунун расмий өкүлдөрү коронавирус жуккан эки учур катталганын четке какты. Бут тууралуу «Азаттык» маалымдайт.

Буга чейин шаардын четиндеги Чоганлы аймагынын инфекциялык ооруканасынын кызматкерлерине таянып коронавирус менен бейтап түшкөнүн маалымдашкан.

Оорукананын кызматкеринин биринин айтымында, 10 күндөн бери эки түркмөнстандык карантинде кармалууда, алардан анализ алынган учурда COVID-19 вирусу бар экени аныкталган.

Түркмөнстан коңшулаш бардык өлкөлөр менен чек арасын жапкан, мындан тышкары өлкө жарандарынын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынган.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө азырынча илдет каттала элек. 

Эң көп окулган жаңылыктар