14:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

2020-жылы 1-класска баруу үчүн 7 миң бала каттоого турду

28-февралга карата «Мектепке электрондук каттоо системасы» аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн катталган арыздардын саны 7 миң 178ге жетти. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдайт.

2020-2021-окуу жылына балдарды электрондук түрдө мектепке каттоо Кыргызстандын алты шаарында ишке ашып жатат: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок.

Арыз калтыруу үчүн балдары 1-класска барчу ата-энелер, http://mektep.edu.gov.kg порталына катталып, тиешелүү документтерди тиркеши керек.

Электрондук каттоодо быйыл өзгөрүүлөр бар. Эгер өткөн жылы алгачкы үч айда жазылуу бир гана микроучастоктордо жүрсө, быйыл бир мезгилде микроучасток боюнча да, андан сырткаркы аймактардагы мектептерге да жазылса болот. Ал 15-августка чейин уланат.

Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби