15:29
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бишкекте декабрь айында таштанды иштетүүчү завод ачылат

2020-жылдын декарь айында Бишкекте таштанды иштетүүчү завод ачылат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары боюнча комитеттин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

Анын айтымында, апрель айында заводдун курулушуна тендер жарыяланат.

«Таштандыны бөлүүчү жана кайра иштетүүчү заводду негизи 2-3 айда куруп койсо болот. Декабрь айына бүтүп калат», — деди ал.

Заводдон сырткары, жаңы таштанды полигону дагы ишке кирет.

«Кайра иштетүүгө жарабаган таштандылар жаңы полигонго жеткирилет. Ага жер казылып, өзүнчө күйүп кетпей тургандай болот», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар