12:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Умрага барган тажик жарандары Сауд Арабиясына кире албай калышты

Дубайда умрага барган Тажикстандын 48 жараны Сауд Арабиясына кире албай турушат. 26-февралда бул өлкөнүн бийлиги коронавируска байланыштуу умра сапары менен келгендерди убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алган.

Тажикстан өкмөтүнө караштуу Дин иштери комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким тажик жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында Сауд Арабия бийлигинин чечимин күтүп жатышканын ырастады. «Эгер бул өлкөнүн бийлиги алардын кирүүсүнө уруксат берсе, умра амалын аткарып келишет. Болбосо жооптуу компаниялар аларды Тажикстанга алып келишет», — деди Муким.

Азырынча тажик жарандарын кичи ажылыкка жиберген компаниялар бул абал боюнча комментарий бере элек.

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги 26-февралда тарта өлкөгө умра сапары менен баргандарды киргизбей турууну чечкен.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби