18:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ажылык-2020. Сапарга кийип жүрүүчү кийимдерди даярдоо боюнча жеңүүчү аныкталды

Кечээ Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгында 2020-жылга карата ажылык сапарына кийип жүрүүчү кийимдерди (жилет) даярдоо боюнча ишкерлердин арасында сынак өттү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн 7 талапкер арызын берген, алардын 6оосу катышты. 

Сынактын талабына ылайык, кездеменин курамына, кийимдин тигилишине, дизайнына, кийимге коюлган наркына, өңү-түсүнө жана сапатына баа берилди. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеке ишкер Динара Акматбекова эң көп балл топтоп, жеңүүчү аталды.

Эскерте кетсек, Сауд Арабиясы Кыргызстанга быйыл ажылык үчүн 6 миң 110 квота бөлүп берген.

Эң көп окулган жаңылыктар