21:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ажылык-2020. Каттоо иштери декабрдын ортолорунда башталат

Ажылык-2020 каттоо иштери декабрдын ортолорунда башталат. Бул тууралуу Муфтияттын 2020-жылдагы ажылык иштерин баштоо боюнча уюштуруу штабынын алгачкы жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, ажылыкты ачык-айкын өткөрүү үчүн муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин № 306 буйругу чыгып, 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Ага ылайык, декабрь айынын ортосунда сынактарга жарыялар берилип, ажылыкка каттоо иштери башталмакчы.

Эске салсак, быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 5 миң 510 квота бөлүнгөн.

 
Эң көп окулган жаңылыктар