10:38
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Премьер-министр дүкөндөрдү жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого чакырды

Жергиликтүү продукция өзүбүздүн дүкөндөрүбүздө атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев көчмө жыйында билдирди.

Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы алдынкы чекене соода супермаркеттердин бирине барып, анда коюлган продукциялардын номенклатурасы жана көзөмөл-кассалык машинанын иши, сатыктагы ликер-арак ичимдиктеринин акциздик маркаларынын болушу менен таанышты.

«Мен ата мекендик продукция дүкөндөрдүн текчесинде кандай сатылары менен жеке таанышуу максатында борбор калаанын көптөгөн супермаркеттеринин бирин атайын кыдырууну чечтим. Сунушталган алкоголдук продукциялардын жарымы импорттук экендигине көзүбүз жетти. Кондитердик товарлар боюнча биз коңшулардан калышып жатабыз. Мындай товарлардын дээрлик бардыгы тыштан ташылып келген. Биздин продукциялар импорттук товарлардан эч кем калышпайт. Алар экологиялык жактан таза, курамында генетикалык модификацияланган организмдер камтылган эмес. Эң башкысы — бул биздин, жергиликтүү товар. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо керек. Бул үчүн аларды колдоонун натыйжалуу механизмдери иштелип чыгат. Биз мында катардагы сатып алуучулардын колдоосуна да ишенип турабыз, алардан көп нерсе көз каранды», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр импортту алмаштыруу саясатын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Дүкөндөрдү жергиликтүү дыйкандар өстүргөн продукциялар менен толтуруу үчүн шарттарды түзүү керек. Эгерде Бишкек шаарынын дүкөндөрүндө бул жагдай канчалык бир деңгээлде канааттандырарлык болсо, аймактарда башка көрүнүш. Жашоочулар коңшу өлкөлөрдө чыгарылган товарларды сатып алышат. Алар дайыма эле арзан баада эмес.

Биз ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдогондун ордуна импорттук өндүрүмдөрдү сатып алууга көнүп калганбыз. Айыл чарба продукцияларынын дээрлик 50% импорттук.

Мухаммедкалый Абылгазиев.

Биз агрардык өлкө экендигибизди эске алганда бул жагымсыз көрсөткүч. Маселе бар, аларды чечүү керек», — деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума