11:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чек ара, этникалык тажиктердин турмушу. Тажик элчиси Баткенге сапар тартты

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода менен жолукту. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Назирмад Ализода эки өлкөнүн чек аралаш жайгашкан аймактарында жаралган маселелерди, орун алган айрым окуяларды биргелешип чечүү, пикир келишпестиктердин алдын алуу боюнча иш алып барууга ынтызар экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш жайгашкан Баткен-Согди облустары ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерин талкуулашты.

«Чек аралаш аймактарда жашаган жергиликтүү элдин кошуналык мамилесин калыптандыруу, эки өлкөнүн чек арасын тактоо жумуштарын илгерилетүүгө көмөктөшүүну макулдашып, Баткен облусу менен Тажикстандын аймагында жашап калган этникалык кыргыздар менен этникалык тажиктердин жашоо турмушу тууралуу да пикир алмашышты», — дейт облустук администрация.

Кыргызстанда 50 минден ашуун этникалык тажиктер жашайт.

Анын 35 миңден ашууну Баткен облусунун Лейлек районунун Андарак айылында, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында жайгашып калышкан.

Алар үчүн тажик тилинде билим берген 7 мектеп иштеп келет.

Белгилей кетсек Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык мамилелери 1993-жылы 14-январда башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар