Талас облусунун Орто-Арык айылында 14 жаштагы өспүрүм селкинчек тээп жатып каза болду. Бул тууралуу аймактык милиция билдирди.
Маалыматка караганда, өспүрүм селкинчектин арканына оролуп калган.
2006-жылы туулган өспүрүм 7-класстын окуучусу болгон. Маркум 3-топтогу майып болгондуктан, өзүн-өзү куткара алган эмес.
Бул окуя кокустук болгондуктан ата-энеси эч кимге доосу жок экенин билдиришип, тергөөдөн баш тартышты.