Баткен шаарында кыргыз-тажик өкмөт аралык чек ара сүйлөшүүсү өтүп жатат. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйынга Кыргызстан тараптап вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, Тажикстандагы элчи Жаныш Рустенбеков, Баткен облусунун башчысы Алишер Абдрахманов жана өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүл Назирбек Бөрүбаев катышууда.
Кыргызстан менен Тажикстан 1-мартка чейин чек ара боюнча бир катар маселелерди чечмекчи. Январь айында жер алмашууну макулдашкан. Кыргызстан Баткен районундагы Тескей жана Арык-Асты аймактарын сунуштаганы белгилүү.