«Ошэлектро» ААКсынын инспектору жана Ноокат райондук электр станциясынын жоопту кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Алардын билдирүүсүндө, алар Ноокат районунун жашоочусу Т.Б. электр энергиясын уурдаган деп андан 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.
Тергөө жүрүп жатат.