15:26
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Мусулмандар арасында бөлүнүү күч. Кадыр Маликов муфтиятты реформалоону сунуштайт

Кыргызстандын мусулмандары бөлүнүү алдында турат. Бул тууралуу теолог Кадыр Маликов билдирди.

Анын айтымында, жаштар арасында өз таасирин күчөтүү максатында айрым күчтөр жигердүү иш алып барууда. 

«Көп жааматка бөлүнүп, бири-бирин сыйлабай,  укпай, ар бири өзүн муфтият сезип алышкан. Мындай кырдаал улана берсе, Кыргызстандын мусулмандарынын бөлүнүп-жарылуусуна жол ачылат», — дейт диний ишмер.

Кадыр Маликов учурда тышкы күчтөр Кыргызстанда гана эмес, бүтүн Орто Азияда өздөрүнүн саясий оюндарын диний агымдар аркылуу ойной баштаганын белгилейт.

«Чындыгында эл аралык тышкы күчтөр, жаңы ыкмаларды колдонуп, ар кандай секталар жана такфиризмди таратуу гана эмес, билинбеген жумшак күч менен согушуп жатышат. Коомубузда улутчулдук, жердешчилик, түндүк-түштүк жана башка маселелерди көтөрүп, элди толкута башташты. Бул маселе абдан олуттуу, тагыраак айтканда биздин салттуу ханафий масхабка жана руханий баалуулуктарга, коопсуздугубузуга түздөн түз тиешелүү. Буга каршылык көрсөтүлбөсө, келечекте диний тармак терең кризиске дуушар болот», — дейт ал.

Диний ишмер муфтияты реформалап, заман талабына жооп берген, мусулмандардын биримдигин камсыз кыла алган иш чараларды жүргүзүүнү сунуштайт. Анын айтымында, Кыргызстандын мусулман дин башкармалыгынын алдында аналитикалык жана изилдөө бөлүмүн ачуу керек.

 Анан фатва бөлүмүнүн ордуна чоң борбор керек. Андан сырткары, кадр маселесин дагы алдыга жылдыруу зарыл

Кадыр Маликов.


Эң көп окулган жаңылыктар