03:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөт: Ат-Башыда логистикалык борборду курууга фейк маалыматтар тоскоол болду

Өкмөт Ат-Башыда логистикалык борборду курууга фейк маалыматтарга каршылык көрсөтө албаганын айтты. Бул премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 19-февралда бизнес түзүмдөрдүн жана донор уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев нарындыктарга сырттан таңууланган, алардын кызыкчылыгына каршы келген пикирлер себеп болуп, алар жалган, ушак жана фейк маалымат таратуу аркылуу активдүү жайылтылганын айтты.

«Мындай ири инвестордун кетишине биринчи кезекте ири долбоорлорду экономиканын флагманы кылуунун ордуна коррупциянын уюгуна айлантып, мурда кабыл алынган, өлкөнүн кызыкчылыгына чыккынчылык кылуунун, жаратылышты талкалоонун мисалы болуп калган чечимдерге карата элдин ишенбөөчүлүгү түрткү болгонун өкүнүү менен билдиребиз. Ошол эле учурда жарандардын ою эске алынбай, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы корголбой келген», — деди өкмөт башчы.

Өкмөт бүгүнкү кырдаал инвестицияны коргоо багытында жергиликтүү эл, эң оболу жаштар менен иштөөнүн айрым принциптерин кайра карап чыгуу зарыл экенин көрсөтүп жатканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар