15:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте Иран киносунун күнү өтөт

Бишкекте 11-12 февралда Иран киносунун күнү өтөт. Бул тууралуу кинематография департаменти билдирди.

Иш-чара Ирандагы ислам революциясынын жеңишине арналат.

Маалыматка караганда, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада 11-февралда саат 15:00до «Золото и медь» тасмасы көргөзүлөт. Ал эми 12-февралда саат 14:00 «Просто так» киносужу жана ошол эле күнү саат 16:00до «Сезон нарцисс» фильми тартууланат.

Ош шаарында ушул эле фестиваль 14-февралда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар