22:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Голливуд жылдызы Кирк Дуглас 103 жашында каза болду

Белгилүү Голливуд жылдызы Кирк Дуглас 103 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу People журналы баласы Майкл Дугласка шилтеп жазды.

Майкл Дугластын айтымында, атасы байсалдуу өмүр сүрүп, келерки муунга кинематографияда тарых калтыра алган.

Кирк Дуглас көптөгөн кинолордо роль жаратып, «Спартак», «Бродвейде» тасмалары атак-даңк алып келген. Ал кино тармагы боюнча он китеп жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар