Түркияда жүргүнчү ташыган учак кулады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Маалыматка караганда, 5-февралда Измирден Стамбул шаарына учуп келген учак конуу учурунда тилкеден чыгып, үчкө бөлүнүп калган. Кырсыктын келип чыгышына учактын нөшөрлүү жаан-чачындан улам жерге катуу конгондугу айтылууда.
«Окуя болгон жерге куткаруучулар тобу келип өрттү өчүрүп, жүргүнчүлөрдү эвакуациялаган. Кырсыктан каза болгондор жок», — деп жазышат түрк басылмалары.