Биринчи май райондук соту мурдакы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кызына тиешелүү мүлктү камоодон бошотту. Бул тууралуу маалыматты Жогорку соттон ырасташты.
Прокуратура ага каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Аскарбек Шадиев 2018-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана акча каражатын мыйзамсыз менчиктештирип алуу беренелери боюнча айып тагылып, 1 миллиард 852 миллион сомдук мүлкү камоого алынган.
Сот Аскарбек Шадиевди сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан.