08:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

АКШ Кыргызстан менен визалык чектөөнү жокко чыгаруу маселесин талкуулоого даяр

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 3-февралда Ташкентте жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирет.
 
Эки өлкөнүнүн тышкы саясый мекемелеринин башчылары АКШнын кыргызстандыктарга киргизген визалык чектөөсүн жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.
 
«АКШнын чечими кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын түздөн-түз козгоп жатканын министр дагы бир ирет баса белгиледи. Бул багытта өз ара тыгыз аракетти күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү болду. Биометриялык паспорттор дагы киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен, бир катар, анын ичинде Кыргызстанга карата гана чектөөлөр киргизилгендигине таң калуу айтылды», — деди министр.

Бул Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүп жаткан парламенттик демократияны, сөз эркиндигин өнөктөш катары колдоо түшүнүгүнө туура келбейт.

Чыңгыз Айдарбеков.

Маалыматта айтылгандай, өз кезегинде АКШнын мамкатчысы визалык чектөө боюнча өкүнүчүн жана бул маселенин тегерегиндеги абалды чечүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар бул маселе боюнча укук коргоо органдарынын деңгээлинде өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Эң көп окулган жаңылыктар