19:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

АКШ Ооганстандан чыгарылган аскерлерин Борбор Азияга жайгаштырууну караштырууда

Америкалык талдоочулар Ооганстандан чыгарылган аскерлер менен техникаларды Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жайгаштыруу вариантын караштырып жатышат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы америкалык аскердик чиновниктерге шилтеме кылып кабарлады.

«Аскерлерди, аралыктан башкарылуучу учуучу аппараттарды жана бомбалоочу учактарды аталган аймактарга жайгаштыруу, аскердик базаларды түзүү — чет өлкөлүк күчтөр чыгарылгандан кийин Ооганстандагы талибдерге көзөмөл кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары Ооганстанда АКШнын же анын союздаштарынын кызыкчылыктарына коркунуч жарата турган «Ислам мамлекети» сыяктуу жаңы топтордун пайда болуу ыктымалдыгы бар», — деп жазды гезит.

Айрым талдоочулар менен Байдендин администрациясындагы аткаминерлердин пикиринде, Вашингтон үчүн Ооганстан менен чектешкен Өзбекстан жана Тажикстан жакшы вариант болмок. Бирок алар аймакта Орусиянын аскердик күчтөрү жайгашканы жана Кытайдын таасиринин артып жатканы Вашингтондун Борбор Азияда базаларды ачуу планын оорлото турганын белгилешүүдө.

The Wall Street Journal кабарлагандай, азырынча Борбор Азияда база ачуу тууралуу эч кандай расмий билдирмелер жөнөтүлө элек. Бүгүнкү күндө бул маселе Пентагон, Мамлекеттик департамент жана Ак үй тарабынан каралууда.

АКШ «Талибан» кыймылы менен түзүлгөн келишимге ылайык, акырындык менен Ооганстандагы аскерлерин чыгара баштады. Сентябрга карата өлкөдөн бардык америкалык күчтөр чыгып кетет деп күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар