22:51
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алматыда Кытай консулдугунун алдындагы пикет кайра жанданды

Шинжаңда калган туугандарын бошотууну талап кылып жүргөн топ 13-июлда Кытай консулдугунун алдында кайрадан нааразылык уюштурушту. Алар буга чейин борбор калаанын күнүнө байланыштуу майрамдардан улам 12 күндүк тыныгуу жарыялашкан.

Шаршембиде консулдуктун алдында беш киши чогулду. Алар колдоруна Кытайда кармалып турган туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп алып, Бээжинден аларды бошотууну талап кылышты.

— Биз күрөштү токтотпойбуз. Биздин сөз акыбыз бар. Биз Казакстан бийлигине каршы эмеспиз. Бирок иш Кытайга келгенде эч качан токтобойбуз. Жакындарыбызды издөө мыйзамдуу. Бизге үй-бүлөбүздү издегенибиз үчүн айып пул салса, санкция салса, бул жакшы эмес. Жеке мен апамды эки инимди издеп жүрөм. Алар келгенге чейин пикетти токтотпойм, — деди нааразылык акциясына чыккан Акикат Калиолла.

Полиция адаттагыдай нааразылыкка чыккандарды Кытай консулдугуна жолотпой, имараттан 50 метр алыс жерге темир тосмолорду коюп койду.

Буга чейин Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып, Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында чыккан казакстандыктарды полиция камакка алган. Айрымдарына ири өлчөмдө айып пул салынган. Кытай консулдугунун алдындагы акциялар 8-февралдан бери өтүп келет.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү «саясий тарбия берүүчү лагерлер» деп аталган жайларда негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай бийлиги мындай дооматтарды четке кагууда.

АКШнын бийлиги, Бельгиянын, Нидерланддын жана Канаданын парламенттери Бээжинде геноцидге айыпташкан. Кытай Шинжаңдагы аракеттерин «өлкөнүн ички иши» жана «терроризмге, экстремизмге каршы көрүлүп жаткан чаралар» деп атап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар