10:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

АКШда Дональд Трамптын импичменти боюнча сот башталат

9-февралда АКШ Конгрессинин Сенатында Капитолийге чабуул жасоого шыкакчы болууга айыпталган мурдагы президент Дональд Трамптын импичент иши боюнча сот башталат.

6-январда Конгресстин имараты — Капитолийге Трамптын тарапташтары полицияны жиреп мыйзамсыз кирип келип, Конгресстин кош палатасынын орток отурумун бир нече саатка үзгүлтүккө учуратышкан. Кагылышууда беш киши мерт болгон. Демократ конгрессмендер Трампты бул тополоңду козуткан шыкакчы сөз айткан деп айыптап келишет. Ал өзү бул доону четке каккан.

Импичмент боюнча акыркы чечимди Сенат кабыл алат. Шейшембиде сенаторлор мурдагы президентке ипичмент жарыялоонун конституциялык мыйзамга дал келер-келбеси боюнча дебаттарды өткөрүп, добуш беришет. АКШ Конституциясында Ак үйдөн кеткен президентке импичмент жарыялоо жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.

13-январда демократтар көзөмөл кылган Өкүлдөр палатасынын көпчүлүк мүчөлөрү Трампка импичмент жарыялоо демилгесин колдоп добуш беришкен. Эми Сенатта бул маселе өтүш үчүн Республикалык партиянын кеминде 17 мүчөсү демократтардын бул сунушун колдошу керек. Бирок импичмент үчүн 5 республикачы гана добуш бериши ыктымал экени айтылууда.

Дональд Трамптын тарапташтары бул жараянды саясий театр деп аташса, Трампты сындагандар Конгресс президенттин мындай аракетин айыптап, анын мындан ары президенттикке талапкерлигин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн бөгөшү керек деп эсептешет.

Дональд Трамп Өкүлдөр палатасы тарабынан экинчи жолу импичментке сунушталган АКШнын тарыхындагы алгачкы президент болуп калды.

Эң көп окулган жаңылыктар