17:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өткөн жылы республика боюнча 129 миң 433 тонна жүн өндүрүлдү

2019-жылы республика боюнча 129 миң 433 тонна жүн өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 101 пайызды түздү.

«Республиканын бардык облустарында жүн өндүрүүнүн өсүү темпи жогору болгондугу байкалат. Анда эң жогорку көрсөткүч Нарын (102,5 пайыз), Чүй (101,4 пайыз) жана Жалал-Абад (101,2 пайыз) облустарына туура келет», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар