Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан эже-сиңди курбусунун үйүнөн табылып, ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-январда Новониколаевка айылынын тургуну 15 жана 20 жаштагы кыздары эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кыздарды издөө иш-чарасы башталган.
«Кыздардын тааныштары, туугандары суралып, эки саатта алардын каякта экени аныкталды. Алар курбу кызынын үйүндө жүргөнү маалым болду», — деп айтылат маалыматта.