20:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткенди колдоо митинги. Президентке 6 талап коюлган кайрылууну жолдошту

Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу митинг өттү. Акцияга Баткен облусунун тургундары жана жарандык активисттер катышты.

Нааразы болгон тараптын алдына президенттин жана өкмөттүн аппаратынан бир дагы өкүл чыккан жок. Митингге депутаттар дагы көңүл бурушпады.

Нааразычылык акция аяктагандан кийин чогулгандар мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту. Анда Сооронбай Жээнбековго 6 талап коюлган:

  • жергиликтүү калктын өкүлдөрүн кабыл алуу;
  • Көк-Таш айылынын камактагы тургундарын бошотуу;
  • чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн элдик кошуундарды түзүү;
  • Чек арачылардын жана күч органдарынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү, техникалык жабдууну жакшыртуу;
  • чек арага жакын жайгашкан райондорго өзгөчө макам берүү жана губернатор институтун кайтарып берүү;
  • вице-премьер-министр Жеңиша Разаковду ишенимден кеткендиги үчүн кызматтан бошотуу.
Эң көп окулган жаңылыктар