17:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жол эрежесин бузуп, тескөөчүнүн төшүндөгү камерасын жулуп алган айдоочу кармалды

20-январда жол эрежесин бузуп, тескөөчүнүн төшүндөгү камерасын жулуп алган айдоочу кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Курманжан Датка жана Жалил көчөлөрүнүн кесилишинен таксист уруксаты жок жерге токтоп турган. Ал бийлик өкүлдөрүнө документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, жаман сөздөр менен сөгүнгөн. Айдоочу унаадан түшүп, өзүнүн адепсиздигин көрсөткөн. Жакын жерде турган аялдар милициянын ишине тоскоол жаратышкандыктан, таксист качып кетүүгө үлгүргөн.

Жол эрежесин бузган жаран кечээ кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар