17:51
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Чүйдө кызын зордуктоого шектелген киши 20 жылга эркинен ажыратылды

Чүй облусунда кызын зордуктоого шектелген киши 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук прокуратурасынын өкүлү Нурлан Тагаев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Сокулук райондук соту кабыл алды.

«Тергөө 52 жаштагы М.А. өз кызын зордуктаганын аныктап чыкты. Ал жосунсуз жорукту мас абалда жасаган. Кыз болгону 13 жашта болчу. Сотто мамлекеттик айыптоочу шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну суранган, бирок сот ага өтө оор эмес жаза берди. Учурда прокуратура бул чечимге даттануу тууралуу маселени карап жатат», — деди Нурлан Тагаев.

Эң көп окулган жаңылыктар