17:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кой-Таш окуясы боюнча шектелип жаткандардын саны 19 кишиге жетти

Кой-Таш айылындагы окуя тууралуу кылмыш ишине шектелип жаткандардын саны 19 кишиге жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине айыпталуучулардын жактоочулары билдиришти.

Маалыматка караганда, алгач 12 киши айыпталып жаткан. Алардын катарында мурунку президент Алмазбек Атамбаев, президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков жана КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бар.

«Шектелип жаткандардын арасында 7-8-августта Атамбаевдин резиденциясынын аймагында жүргөн Кой- Таш менен Арашан айылдарынын тургундары бар. Кылмыш ишинин томунун саны 80ге жетти», — деп билдиришти юристтер.

Буга чейин материалдар 50 томдон турат деп кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар