01:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кой-Таш окуясы. Алмазбек Атамбаев 8 эпизод боюнча шектелип жатат

7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине айыпталгандардын жактоочулары материалдарды изилдөөгө киришти.

24.kg агенттигине мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдун билдиргени боюнча, иш 50 томдон турат.

«Жазык-процессуалдык кодексинде баардык документтерди изилдөө үчүн регламенттей турган мөөнөт жок. ИИМдин тергөө кызматы бизди шаштырышы ыктымал, ал эми биз тараптан болгон ар кандай эскертүүлөрүбүзгө болсо- процессти создуктуруп жатышат деп кайра бизди айыпташы мүмкүн», — деди жактоочу.

Ал Алмазбек Атамбаев 8 эпизод боюнча шектелип жатканын айтты. Анда «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук же коркутуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Кишилерди барымтага алуу», «Адам өлтүрүүнү уюштуруу» беренелери тууралуу кеп болууда.

ИИМ Кылмыш кодексинин бир канча беренелери («Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук же коркутуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Кишилерди барымтага алуу») боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алдын ала маалыматка ылайык, иш боюнча 12 киши айыпталуучу макамына ээ. Иш менен таанышып бүткөн соң Башкы прокуратурага жолдонуп, андан ары сотко өтөт. Жактоочу сот жабык өтүшү мүмкүн деди.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума