16:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мухаммедкалый Абылгазиев Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Сүйлөшүү учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев Дмитрий Медведевге Орусия Өкмөтүнүн төрагасы кызматындагы биргелешкен үзүрлүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы анын кыргыз-россия мамилелерин өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымын баса белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле евразия интеграциясы идеясын илгерилетүү боюнча бирге жүргүзүлгөн конструктивдүү иштерге өзгөчө көңүл бурду. Ал Кыргызстанда Дмитрий Медведевдин стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр аралык шериктештикти бекемдөөдөгү жеке салымы жогору баалана турганын белгиледи. 

Мухаммедкалый Абылгазиев достук диалогду жана конструктивдүү иштерди улантууга даярдыкты ырастап, Дмитрий Медведевдин чечкиндүүлүгү, кыраакылыгы жана топтогон тажрыйбасы мындан ары да Россия Федерациясын өнүктүрүү жана чыңдоого, ошондой эле кыргыз-россия кызматташтыгын келечектүү тереңдетүүгө кызмат өтөрүнө ишеним билдирди.

Сүйлөшүү учурунда кыргыз-россия алакаларынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар