19:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мыйзамсыз иштен алынгандыгы үчүн Социалдык өнүгүү министрлигин сотко берди

Бишкектеги социалдык стационардык мекеменин мурунку директору Эркингүл Абдылдаева эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоровдун кызматтан бошотуу тууралуу буйругу боюнча сотко даттанды. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Жумашев 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Эркингүл Абдылдаева кол алдында иштеген кызматкерлердин бирин себепсиз ишке чыкпагандыгы үчүн жумуштан бошоткон. Кийин ошол иштен чыгып калган кызматкер өзүн билемдик кылып соцмекеменин туруктуу жашоочуларынын порцияларын азайтканы аныкталды.

«Албетте, Абдылдаева аны жумуштан бошоткон. Ал эми иштен чыгып калган кызматкер башчысынын «колу таза эмес» деп каралап, инстанцияларга кайрылган. Ал профилдик мекемеге арыз жазган. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги комиссия түзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Абдылдаеваны кызматтан алышкан, бирок комиссия тарабынан түзүлгөн актыда статс-катчынын кол жок. Эмгек кодексине ылайык, дисциплинардык жаза жорук болгондон кийин бир айдан кем эмес убакта колдонулушу керек, бирок Абдылдаеваны 130 күндөн кийин иштен бошотушкан», — деди жактоочу.

Ал доогердин албай калган маяналары жана моралдык чыгымды төлөп берүү тууралуу маселени көтөрүп чыгуу ниети бар экенин кошумчалады. Соттук отурумду 14-январга бекитишкен. Министрликтен кодексти бузушпагандыгын, Эркингүл Абдылдаеваны мыйзамдын негизинде кызматтан алышканын тастыктоого даяр экендиктерин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума