11:05
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Текебаев менен Чотоновдун иши. Күбөлөрдү сот залына алып келе алышкан жок

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү болуп, ага Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Бүгүн прокурорлор күбөлөрдү сот залына алып келе албагандарын айтышты. Айтымдарында, алар шаарда эмес. 

«Күбөлөрдүн бири расмий түрдө сотко келүүдөн баш тартты. Башка күбөлөргө чакыруу бере алган жокпуз, анткени алар үйүндө эмес. Дагы бир канча күбө Бишкектин сыртында жүрүшөт. Алексей Модин менен Леонид Маевский Орусияда», — дешти мамлекеттик айыптоочулар.

Прокурорлор соттук отурумду жылдырууну суранышты.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар